29 октябрь 2024
Кароолор: (3)
Жашы жете элек балдарга карата зомбулуктун алдын алуу
2024-жылдын 28-октябрында Майлуу-Суу шаарынын мэриясында Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы менен биргеликте жыйын болуп өттү. Шаардын мэри Н.Умаров, прокурордун жардамчысы Н. Молдоматова, мэриянын бөлүм башчысы Ч.Масурова, юрист Н.Абдиев жана жетектөөчү адис А.Кудайбердиева катышты. Прокуратуранын сунушу каралып, андан соң жашы эресеге жете элек балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелер талкууланды. КРнын Балдар жөнүндө Кодексине 5-беренесине ылайык 18 жаш куракка чыга элек мыйзам менен чатагы бар балдар турмуштук оор кырдаалда турган балдар болуп саналат. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо , колдоо боюнча ар тараптуу иш аракеттер жүргүзүлүп келет, ата энелер менен, окуучулар, студенттер менен жолугушуулар, тегерек столдор, материалдык, моралдык колдоо жана башка иш чаралар

