10 июнь 2025
Кароолор: (2)
Жер Мунапысына акыркы мөөнөт
ЖЕР МУНАПЫСЫ — МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ КОЛДОНУП КАЛЫҢЫЗ!
2025-жылдын 28-майында чыккан №284 Токтомго ылайык, жер мунапыс боюнча АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ МӨӨНӨТҮ 2025-жылдын 1-июлуна чейин узартылды!
📍 Майлуу-Суу шаарынын мэриясында кабыл алынат.
Жер мунапыс деген эмне?
Бул — сиз көп жылдан бери колдонуп жаткан, бирок документтери так эмес же каттоого алынбаган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү. Эгер үйүңүз турган жер же короо-жайыңыз расмий эмес болсо — мыйзамдуу кылып алуу үчүн эң оңой жол ушул.
✅ Документтериңизди ирээтке келтирип, жерге мыйзамдуу ээ болуңуз!
✅ Айыптардан жана мыйзам бузуу жоопкерчиликтеринен кутулуу мүмкүнчүлүгү бар!
⏳ Акыркы күн — 2025-жылдын 1-июлу!
Кийин кеч болуп калышы мүмкүн.
📌 Бул өкмөт тарабынан уюштурулган бир жолку акция.
📞 Толук маалымат алуу үчүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясына кайрылыңыз.
#МайлууСуу #ЖерМунапыс #МэрияМаалымдайт #ЖерМыйзамдаштыруу #Маалымат
