17 июнь 2025

Кароолор: (6)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ишин QR-коддор аркылуу баалоо системасы киргизилди

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдардын ишин QR-коддор аркылуу баалоо системасы киргизилди.

Жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты боюнча өздөрүнүн сунуш же сын-пикирлерин "Түндүк" тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлеп, өздөрүнүн ой-пикирлерин калтырса болот. Жыйынтыгы менен шаардын мэриясынын жана мэрияга караштуу муниципалдык мекеме-ишканалардын (Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы", "Шаарсууканал" мекемеси, "Майлуу-Суу-Тазалык" муниципалдык мекемеси, Муниципалдык менчик башкармалыгы) ишмердүүлүгү бааланат.