08 май 2026

Кароолор: (2)

Жол

Майлуу-Суу – Кыпчак-Талаа автоунаа жолунда капиталдык оңдоо иштери көзөмөлдөндү

Асылбек Таирович Чойбеков, Алмаз Белекович Байгазиев жана №51 ДЭП ишканасынын жетекчиси менен биргеликте Майлуу-Суу – Кыпчак-Талаа автоунаа жолунун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жеринде текшерилди.

Иш сапардын жүрүшүндө долбоордун алкагында сел өткөрүүчү көпүрөлөрдү куруу, жол катмарларын жаңылоо жана оңдоо иштеринин сапаты каралды. Ошондой эле курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана техникалык талаптарга ылайык бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Учурда аталган долбоордун алкагында жол инфраструктурасын жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аймак тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы иштер улантылууда.