18 апрель 2026
Кароолор: (6)
Жологушуу
Биргелешкен иш-чаранын алкагында шаар аймагындагы 7 жалпы билим берүүчү мектепте жана 1 орто окуу жайда жолугушуулар уюштурулуп өткөрүлдү. Аталган иш-чараларга мэриянын социалдык бөлүмүнүн башчысы, прокуратура органдарынын өкүлдөрү, социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана жалпы дарыгердик практикалык борбордун кызматкерлери катышып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, укук бузуулар, эрте никеге туруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча комплекстүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.