22 декабрь 2025

Кароолор: (3)

Жолугушуу

Майлуу-Суу шаарынын мэри А. Жумаев 2025-жылдын 18-декабрында Бедре-Сай көчөсүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 29-майындагы №20-4720 сандуу тапшырмасынын негизинде бекитилген графикке ылайык уюштурулду.
Жолугушууга мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач шаар жетекчилиги шаар аймагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң тургундар тарабынан жол, таза суу маселеси, көчөлөрдү жарыктандыруу, балдар ойноочу аянтчалар, транспорт, экология жана башка көйгөйлөр боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен иш-чара түзүлүп, тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилет. 
Мэрдин эл менен жолугушуусунун негизги максаты — жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аларды биргеликте чечүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органы  менен элдин ортосунда натыйжалуу байланышты түзүү жана ишенимди чыңдоо болуп эсептелет.