19 декабрь 2025

Кароолор: (4)

Жолугушуу

Майлуу-Суу шаарынын мэри А. Жумаев 2025-жылдын 19-декабрында Заречный көчөсүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 29-майындагы №20-4720 сандуу тапшырмасынын негизинде бекитилген графикке ылайык уюштурулду.
Жолугушууга мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач шаар жетекчилиги шаар аймагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң тургундар тарабынан жол, таза суу маселеси, , транспорт, саламаттыкты сактоо тармагы, экология жана башка көйгөйлөр боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен иш-чара түзүлүп, тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилет. 
Мэрдин эл менен жолугушуусунун негизги максаты — жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аларды биргеликте чечүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органы  менен элдин ортосунда натыйжалуу байланышты түзүү жана ишенимди чыңдоо болуп эсептелет.