19 февраль 2026
Кароолор: (15)
Жолугушуу
Урматтуу шаардыктар!
Сиздерди шаардын мэри А.Т.Жумаев менен жолугушууга чакырабыз.
Жолугушуу 2026-жылдын 20-февралында саат 16:00дө шаардын Базарный жана Молодёжный көчөлөрүнүн тургундары менен өткөрүлөт.
Өткөрүлүүчү жай: Майлуу-Суу шаардык социалдык башкармалыгынын жаны.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаардын мэри тарабынан 2025-жылы аткарылган жана 2026-жылда аткарыла турган жумуштар тууралуу маалымат берилет.
Ошондой эле сиздерди кызыктырган суроолорду жана учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, шаарды өнүктүрүү боюнча өз ой-пикириңиздерди сунуштай аласыздар.
Сиздин пикириңиз маанилүү! Бардык кызыкдар жарандарды күтөбүз.
Майлуу-Суу шаарынын мэриясы
Суроолор боюнча байланыш телефону: 0555440432