20 февраль 2026

Кароолор: (5)

Жолугушуу

Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Т.Жумаев 2026-жылдын 20-февралында Базарный, Молодёжный жана башка  көчөлөрүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 29-майындагы №20-4720 сандуу тапшырмасынын негизинде, 2026жылдын I жарым жылдыгына карата бекитилген графикке ылайык уюштурулду.
Жолугушууга мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач шаар жетекчилиги шаар аймагында 2025-жылы аткарылган жана 2026-жылы аткарыла турган жумуштар тууралуу кыскача маалымат берди. Андан соң тургундар тарабынан жол, таза суу маселеси, саламаттыкты сактоо тармагы, экология жана башка көйгөйлөр боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.
Ошондой эле, Майлуу-Суу шаарынын прокурору А.Назарбеков "үй-бүлөөлүк зомбулук", "кибер кылмыштуулук", "эрте никеге туруу", жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарга токтолуп, анын кесепеттерине кеңири түшүндүрмө берди. Алардын алдын алуу боюнча жалпы шаардын жашоочулары да кайдыгер карабоосуна чакырды. 
Жолугушуунун жыйынтыгы менен тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилет. 
Мэрдин эл менен жолугушуусунун негизги максаты — жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аларды биргеликте чечүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органы  менен элдин ортосунда натыйжалуу байланышты түзүү жана ишенимди чыңдоо болуп эсептелет.