18 март 2026
Кароолор: (4)
Жолугушуу
Жалал-Абад областынын прокурору Т.К.Ишеналиев тарабынан бекитилген “2026-жылдын февраль, март, апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу” графигин жана 04.03.2026-жылдагы балдар арасындагы кылмыштуулукту, укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зомбулуктарды алдын алуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткаруу максатында
Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен, Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Майлуу-Суу ШИИБ жана шаардагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирге 2026-жылдын 1-жарым жылдыгына карата жергиликтүү эл менен жана Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы жалпы жана орто билим берүү мекемелеринин окуучулары менен болгон жолугушуу ведомстволук иш-мерчем түзүлгөн.
Аталган иш-мерчемди аткарууда, Майлуу-Суу шаарынын №2, №5 жана Ю.Гагарин атындагы №4 жалпы билим берүү орто мектептеринин 9-10-11-класстарынын окуучуларыны менен жоолугушу өткөзүлдү.
Жоолугушууда, “Кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат” деген аталышта, балдардын кылмыш жоопкерчилиги кайсыл жаш курагынан башталаары, укук бузуучулуктун алдын алуу, наркотикалык заттардын ден-соолукка берген таасири жана аны кодонуу кылмыш жоопкерчилигине тартылаары, буулингке жол бербөө, эрте никеге туруунун кесепеттери, үй-бүлөөлүк зомбулукту жашырбоо, кибер кылмыштуулукка жол бербөө, жол эрежелерин сактоо, өз өмүрүнө кол салуунун (суидцит) кесепеттери жана ага мажбурлоонун жоопкерчиликтери боюнча жөнөкөй тил менен баяндамалар айтылды.
Ошондой эле, “Тагдырды өзгөрткөн бир кадам” жана “Наркотикалык зат” аттуу кыска видео тасмалар көрсөтүлүп, пикир алмашуу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушуу, баяндоочулар Майлуу-Суу шаарынын прокурору А.Назарбеков, ички иштер органдарынын балдар иштери боюнча инспектору, билим берүү бөлүмүнүн кызматкери, саламаттык сактоо кызматынын адиси, социалдык өнүгүү жана камкордук органдарынын өкүлү, диний кызматтын өкүлдөрү менен өткөрүлдү.