11 апрель 2026
Кароолор: (3)
ЖОЛУГУШУУ
2026-жылдын 6-апрелинде Майлуу-Суу шаарынын мэри Байгазиев Алмаз Белекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т. Мамытов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №51 жол тейлөө ишканасынын, Жалал-Абад облусунун жол чарба департаментинин, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана шаардык архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун алкагында 2026-жылга пландалган Майлуу-Суу – Кыпчак – Талаа унаа жолун капиталдык оңдоп-түзөө долбоорун ишке ашыруу максатында жерине чыгуу уюштурулуп, жолдун учурдагы абалы менен таанышуу жүргүзүлдү.
Иш сапардын жүрүшүндө оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жүргүзүүгө байланышкан техникалык жана уюштуруучулук маселелер каралды. Ошондой эле кокту-колоттордон түшүүчү сел сууларынын кооптуулугун алдын алуу максатында көпүрөлөрдү куруу боюнча тиешелүү сунуштарды даярдап, киргизүү иштери башталды.