01 июль 2025
Кароолор: (2)
ЖРТге катышып, жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр сыйланды
2025-жылдын 1-июлунда Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаев 2024-2025-окуу жылындагы Жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, жогорку баллга ээ болгон 11-класстын окуучуларын куттуктап, бекем ден соолук, мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалап сыйлыктарды тапшырды.
№2 жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү М.Джээнбекова 209 балл, №4- Ю.А.Гагарин атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүлөрү К.Елбекова 204 балл жана А.Расулжанова 202 балл алышкан.
Шаар боюнча жалпы 120 бүтүрүүчү болсо, алардын ичинен 95 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестке катышкан.
Ошондой эле N 4 Гагарин атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Г.Турдумахаматова Крымдын түштүк жээгиндеги ,,Артек” балдар борборуна жогорку балл менен жолдомо утуп алган.


