21 апрель 2026
Кароолор: (6)
Жыйын
Майлуу-Суу шаарынын мэри А. Байгазиев 2026-жылдын 21-апрелинде шаардын мекеме-уюмдарынын, ишканаларынын жана окуу жайларынын жетекчилери менен аппараттык жыйын өткөрдү.
Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
— Шаар калкынын акыркы 5 жыл ичиндеги ден соолугунун абалы, айрыкча балдардын жана кош бойлуу энелердин саламаттыгы, ошондой эле уран радиациясынын адам ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу ЖДПБ жетекчисинин у. м. а. тарабынан кыскача баяндама жасалды;
— Шаар аймагындагы калкка уран радиациясынын тийгизген таасири боюнча СЭСтин башчысы Н. Мамбетов маалымат берди;
— Шаардык салык кызматынын башчысы К. Кудайбердиев 2026-жылдын I кварталына карата жергиликтүү бюджеттин план тапшырмасынын аткарылышы боюнча маалымат берди;
— Мындан сырткары ар түрдүү маселелер каралып, суроо-жооп форматында талкуу жүргүзүлдү.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу милдети жүктөлдү.