02 декабрь 2024
Кароолор: (2)
Зомбулуксуз 16 күн
Жыл сайын 25-ноябрь- аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы башталат.
2024-жылдын 27-ноябрында Майлуу шаарында ,,Үй бүлөлүк зордук зомбулукка каршы 16 күн" өнөктүктүн алкагында жөө жүрүш жана тегерек стол иш чара уюштурулду.
Өнөктүкө жаштар, студенттер, мэриянын, ШИИБ, ЭСКМБ кызматкери катышты.
Тегерек столго мэрия, аксакалдар, аялдар Кенештери, шаардын имам-хатиби, ШИИБ жетекчилиги, ЭСКМБ жетекчиси, окуу жайлар катышты. Үй бүлөлүк зомбулук боюнча көйгөй болгон маселелер талкууланды, кеп кенештер, пикирлер айтылып, аталган көйгөйлөрдүн алдын алуу, чечүү жана күрөшүү боюнча тапшырмалар берилди.


